Е. Кошанов президенттин жолдоосунун жыйынтыгы боюнча депутаттарга тапшырма берди

Е. Кошанов президенттин жолдоосунун жыйынтыгы боюнча депутаттарга тапшырма берди

Парламент президенттин кайрылуусунда белгиленген милдеттерди ишке ашырууга киришти. Жылдын аягына чейин депутаттар курулуш жана санарип кодекстерин, банктар жана жасалма интеллект тууралуу мыйзамдарды иштеп чыгып, кабыл алышы керек. Мажилис спикери Ерлан Кошанов белгилегендей, жолдоонун бардык демилгелерин мыйзамдык жактан тез арада камсыз кылуу милдети турат. Киберкоопсуздук маселелерине, ошондой эле Alatau City шаарын өнүктүрүү жана ЕАЭБ алкагында атамекендик өндүрүүчүлөрдү коргоо үчүн укуктук базага өзгөчө көңүл бурулат. Ошондой эле айыл чарба жерлерин бөлүштүрүү механизмине түзөтүүлөрдү киргизүү зарыл. Азыркы кайрылуу президенттин башкы принципти – бардык демилгелер эл үчүн экенин дагы бир жолу далилдеди, деп белгиледи Ерлан Кошанов. Буга байланыштуу дагы бир жаңылык – парламенттик реформа сунушталды.

Ерлан Кошанов, Парламент мажилисинин төрагасы:

- Жакында президент өз кайрылуусунда келечектеги бир палаталуу Парламентти партиялык тизме боюнча түзүүнү сунуштады. Активдүү жарандар өздөрүнүн позициясына жана көз карашына дал келген партияга кирип, Парламентке келип, өлкөнүн тагдыр чечүүчү маселелерине катыша алышат. Мындай система дүйнөлүк практикада кеңири таралган. Ошондуктан мен бардык фракцияларды жана депутаттарды бул ырааттуу жана келечектүү реформаны колдоого чакырам.

Которгон: Илгиз Жамалбеков