Эми кандаш макамын алууга талапкерлер этникалык тест тапшырат

Эми кандаш макамын алууга талапкерлер этникалык тест тапшырат

Эми кандаш макамына талапкер этникалык казактар ​​молекулярдык-генетикалык талдоодон өтө алышат. Бул талапкердин тиешелүү документи жок болгон учурда. Муну менен катар аталган макамды берүү үчүн казак тилин, каада-салтын үйрөнүүгө багытталган бетме-бет же онлайн маектешүү уюштурулат. Бардыгы чет жердеги кандаштарга жакшы шарт түзүп берүүнүн аракети. Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министрлиги атайын жоболорду иштеп чыкты. Ага ылайык, этникалык казактардын улуту акимчиликтердин алдындагы атайын комиссиялар тарабынан аныкталат. Анын курамына миграция, билим берүү, улуттук коопсуздук жана ички иштер органдары, бейөкмөт уюмдар катышат. Ошондой эле этникалык казактардын маселелери менен алектенген коомдук бирикмелер тармагындагы алдыңкы серепчилер, кабарчылар, тарыхчылар кирет. Долбоор «Ачык НКА» сайтында коомдук талкууга сунушталды. Белгилей кетсек, жыл башынан бери өлкөдө 6 миңге жакын этникалык казак ​​«кандаш» макамын алышкан. Алардын көбү Кытайдан келгендер.

Которгон: Илгиз Жамалбеков