Баш мыйзамды реформалоо: Эгемендүүлүк жана саясий модернизация

Баш мыйзамды реформалоо: Эгемендүүлүк жана саясий модернизация

Казакстандын эл аралык милдеттенмелери эми алдын ала конституциялык текшерүүдөн өтө алат. Жаңы Конституциянын долбоору Конституциялык сотко эл аралык келишимдерди ратификациялоого чейин эле Баш мыйзамга шайкештигин баалоо укугун берет. Мында макулдашуулар өз күчүн сактап калат, бирок карама-каршылык болгон учурда Конституциянын нормаларына артыкчылык берилет. Депутаттардын пикиринде, мындай механизм өлкөнүн суверенитетин күчөтүп, укуктук аныктыкты камсыздайт.

Унзила Шапак, парламент мажилисинин депутаты:

– Эл аралык келишимдерди мыйзам аркылуу колдонуу тартибин белгилөө укуктук аныктыкты камсыз кылууга жана негизги конституциялык баалуулуктардын туруктуулугун сактоого мүмкүндүк берет. Бул кепилдиктерди бекемдеп, жарандардын укуктарын коргоону камсыз кылат. Эл аралык келишим ратификацияланганга чейин анын Конституцияга шайкештиги текшерилиши мүмкүн. Зарыл болгон учурда Конституциялык сот документтин өлкөнүн Баш мыйзамына ылайык келер-келбеси жөнүндө корутунду бере алат.

Реформа эл аралык чөйрөнү гана эмес, бүтүндөй саясий системанын архитектурасын да камтыйт. Жаңы Конституциянын долбоору бир палаталуу парламентке, Президенттин жана бир катар жогорку кызмат адамдарынын бир жолку ыйгарым укуктарына өтүүнү карайт. Серепчинин баамында, бул мыйзам чыгаруу процессин тездетип, мамлекеттик институттардын туруктуулугун жогорулатат.

Марат Шибутов, саясат таануучу:

– Эгерде Элдик Кеңеш жөнүндө айтсам, ал жерде коомдук бирикме түрүндөгү кесиптик уюмдар да бар. Менимче, көпчүлүк профсоюздар жана ар кандай чыгармачыл союздар болот, ошондой эле тармактык өкүлчүлүктөр да болот. Демек, Казакстан элдеринин ар түрдүү социалдык топторунун өкүлчүлүгүн камсыз кылуу ырааттуу жүрүп жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков