V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтө турган жайлар белгилүү болду

5-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына саналуу күн калды. Чоң мелдеш өтө турган Астана шаарында кызуу даярдыктар көрүлүүдө. Бир катар спорттук курулуштар капиталдык ремонттон өткөрүлдү. Ат оюндары өткөрүлүүчү “Казанат” ипподромунда 2500 киши бата турган болсо, эми 10 миң көрүүчү бул иш-чарага күбө боло алат. Үшкемпиров атындагы Жекпе-жек сарайы менен «Алау» муз аянтчасында улуттук күрөш, кармаш өнөрү жана элдик оюндар боюнча мелдештер, ал эми «Думан» комплексинде салттуу интеллектуалдык оюндар өткөрүлөт. Мелдештин ачылыш аземин өткөрүү үчүн бир эле учурда 30 миңден ашык адамды батыра ала турган «Астана Арена» тандалды.

Нурдаулет Курбанбек уулу, Астана шаары курулуш иштери башчысынын орун басары:

– Бардык тармактарда, бардык багыттар боюнча иштер жүрүп жатат. Тактап айтканда, көрктөндүрүү, асфальт төшөө, ички жасалгалоо, инженердик системалар боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Жалпысынан 500дөн ашык адам иштеп жатат. Бизге мөөнөт берилген. Баш оона айынын 20да ишти бүтүрүп, 23дө көчмөндөр оюндарына атайын өткөрүп берүүгө даярдыктар көрүлүүдө.

Аяк оона айында борборго 2 миңден ашык спортчу жана расмий делегация келери күтүлүүдө. Ага шаан-шөкөт менен коштолгон беттешти көрүү үчүн агылган күйөрмандар менен көрүүчүлөр болору талашсыз. Келген коноктордун жатакана, тамак-аш, транспорт сыяктуу бардык муктаждыктары чечилиши үчүн кам көрүлүүдө.  Борбор калаадагы 272 мейманкана тейлөөгө даяр. Мындан тышкары Астана шаарынын жана анын айланасындагы кооз жерлер жана тарыхый объектилер туристтерди кабыл алууга даяр.

Тилеужан Өмирзак, Астана шаары акимчилиги инвестициялар жана ишкерликти өнүктүрүү башкармалыгынын туризмди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы:

– 123 туристтик объект бар. Алардын баары туристтерди тосуп алууга даяр. Мындан тышкары чет элдик туристтер үчүн «Easy Travel» аттуу эл аралык аянтча бар. Каалаган адам онлайн гидди 6 тилде уга алат. Туристтик объект, айланасында кандай кооз имараттар бар экендиги тууралуу толук маалымат ала алат. 

Эске сала кетсек, V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары аяк оона айынын 8-13нө чейин өтөт. 89 өлкөнүн өкүлдөрү спорттун 21 түрү боюнча 97 медаль үчүн ат салышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков