Быйыл күзүндө Астанада өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жамбы атууда Казакстандын намысын коргой турган спортчулар аныкталды. Жаа атуу боюнча өлкөнүн улуттук курама командасына 4 спортчу кирди. Тандоого республиканын 10 мыкты спортчусу катышты. Жаачылар венгр, азиялык, түрк жана жамба стилинде орун үчүн ат салышты. Азыр спортчулар машыгууда жүрүшөт. Финалдык этап баш оона айнынын 27синен аяк оона айынын 7сине чейин Астанада өтөт.
Эралхан Айкөз, жамбы атуу курамасынын мүчөсү:
– Биздин алдыбызда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу максаты бар болчу. Тандоо абдан укмуштуу болду. Өлкө намысын татыктуу коргоп, жеңишке болгон күчүбүздү жумшайбыз деп ойлойм.
Элдос Бадашев, жамбы атуу командасынын башкы тренери:
– Биздин курама команданын даярдыгы жогорку деңгээлде. Биз 70-80% даярбыз деп айта алам, бирок аткарыла турган иштер дагы бар. V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга 4 спортчубуз жолдомо алып, алар менен кызуу иштеп жатабыз. Анткени, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары биздин улуттук спорттун ичинен Олимпиада сыяктуу.
Белгилей кетсек, V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Казакстандын борборунда аяк оона айында 8-13- күндөрү өтөт. Иш-чарага эки миңге жакын спортчунун катышуусу күтүлүүдө. Кеңири масштабдагы мелдеште спорттун 21 түрү боюнча 97 комплект медаль ойнотулат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков