Казакстан
паралимпиадалык кыймылдын өнүгүшүнө олуттуу салым кошууда. Бул тууралуу Азия
Паралимпиада комитетинин президенти Мажид Рашед Астанада Азия Паралимпиада комитетинин
конференциясында билдирди. Казакстанда заманбап спорттук инфраструктура өнүгүп,
улуттук Паралимпиадалык машыгуу борбору иштеп жатат. Мындан тышкары, республика
ири эл аралык мелдештерди уюштуруу боюнча ийгиликтүү тажрыйбага ээ. Өлкөбүздүн
эл аралык кадыр-баркын мындан ары да чыңдоого Астанада Азия Паралимпиада
комитетинин конференциясын жана Башкы Ассамблеясын өткөрүү дагы бир кадам
болот. Мындай масштабдагы иш-чаралар Борбор Азияда биринчи жолу өтүп жатат. Бир
нече күндүн ичинде дүйнөнүн 45 өлкөсүнөн келген катышуучулар паралимпиадалык
спорттун жаңы дисциплиналарын бекитип, тажрыйба алмашып, спортчуларды даярдоо
стандарттарын белгилөөнү көздөшүүдө.
Маджид Рашед, Азия
Паралимпиада комитетинин президенти:
- Казакстан —
биздин кыймылдын күчтүү өнөктөштөрүнүн бири, параспортто эң өнүгүп жаткан
өлкөлөрдүн жана улуттук паралимпиада комитеттеринин бири. Албетте, сиздин
өлкөңүз Азияда гана эмес, кыймылды колдоонун маанилүү тарыхына ээ. Ошондуктан
бул иш-чараларды бул жерде, Казакстанда өткөрүү, менимче, туура тандоо жана
туура чечим. Конференциянын биринчи күнү өтүп жатат, анын жыйынтыгында
темаларды талкуулап, тажрыйба алмашкандан кийин, биз кыймылыбыздын келечеги
үчүн конкреттүү чечимдерди кабыл алабыз деп ишенем.
Которгон: Назира Бегалиева

