Казакстандын тыйын эңмей спорту боюнча улуттук командасынын курамына 3 спортчу кирди. Алар V
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында өлкөбүздүн
намысын коргошот. Олимпиадалык даярдоо борборунда өткөн тандоо мелдештеринин
жыйынтыгы боюнча улуттук курама команданын курамына мыкты спортчулар
чакырылган. Тандоо дароо үч стиль боюнча өттү – «Кош кулач», «Беш белес» жана «Жети
кут». Белгилей кетсек, көчмөндөр оюндары арасында тыйын эңмей боюнча мелдеш аяк
оона айынын 11и 13ү күндөрү этно айылда өтөт.
Бакыт Төлтай, Тыйын эңмей Казакстан улуттук курамасынын
мүчөсү:
- «Жети кут» боюнча мен өзүм биринчи айлампада жети тыйын
эңдим. Экинчисинде дагы жетини эңип кеттим. Ошондон алдыга чыктым. Айылда ат
минип өскөнбүз. Көк бөрү тартканбыз.
Андан кийин өзүмө ыңгайлуурак деп тыйын эңмейди тандадым. Көчмөндөр оюндарын
бир аздан бери күтүп жүргөнбүз. Кудай буюрса Казакстандын намысын коргоп,
биринчи орунду алууга тырышабыз.
Бекнур Сериков, Тыйын эңмей Казакстан улуттук курамасынын мүчөсү:
- Тыйын эңмейде 3
стиль бар. Мен көбүнчө, «Жети кут» стилине
көп даярданамын. Көчмөндөр оюндары Казакстанда өтө тургандан кийин, мен үчүн
бул чоң жарыш. Бул жерде сүрдөөөлөр болбой койбойт. Өзүбүздүн мамлекетте болуп
жаткандан кийин көк туубузду желбиретишибиз керек.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков