Казакстанда V дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алдында «Улуу тала жоругу» эл аралык байге марафону өтөт. 18 команданын ичинен биздин өлкөнүн атынан 5 команда катышат. Калган спортчулар Иран, Түркия, Венгрия, Кыргызстан, Түштүк Африка Республикасы, Орусия жана башка мамлекеттердин өкүлдөрү. Катышуучулар 500 чакырым аралыкты чаап өтүшү керек. Уюштуруучулардын айтымында, байге марафону номаддардын чыныгы баалуулуктарын жайылтат. Чыдамкайлык, өз ара жардамдашуу, жаратылышты сүйүү. Жакынкы иш-чарага жергиликтүү ипподромдо Костанай атчандары жигердүү даярданууда. Жакында алар Түндүк Казакстан облусунун Ботай конушуна барышат. Ал жерден командалар старт алып, Астанада марага келишет. Жеңүүчүлөр көчмөндөр оюндарынын ачылышына катышат.
Нурбол Абдрахманов, Костанай облусунун ат спорту федерациясынын президенти:
– Бул командалык оюн. Мындан тышкары, жылкылардын ден-соолугуна дагы кам көрүү керек. Биз ар бир спортчуга:"Сен марага биринчи жеткениң менен, команда жеңишке жетпейт"-деп айтабыз. Ар бир команданын өзүнүн тактикасы бар. Ошол эле командалар алгач атаандаштарынан озуп кетүүнү каалашат. Башкалары болсо жылкыларын ыңгайлашканча күтүп, алдындагыларды кууп жетүүгө аракет кылышат. Биздин да тактикабыз бар. Бирок, биз бул сырды ача албайбыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков