Аймактарда 5-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктар аяктоодо. Биздин
курама командага Түндүк Казакстандан эки тулпар кошулду. Экөө тең ат чабышта
башкы байгеге ат салышат. Алардын бири-Кавказ өлкөсүнөн алынып келинген «Аквамарин»
аттуу жаныбар. Камбар-Ата төлү-Азия кубогунун беш жолку жеңүүчүсү. Жакында
Алматы шаарындагы тандоо этабында жорго эч кимге жол бербей марага биринчи
болуп өттү. Ал эми экинчи куйрук-жалы таралган француз жылкысы. Куаныш
Шахамбаевдин эки жаштагы тулпары өлкөнүн атынан «Кунан байгеге» чабылат.
Евгений Чибисов, ат спорту боюнча Казакстандын спорт
чебери:
- Акыркы жарыштан кийин күлүк тез калыбына келди. Азыр
күнүнө эки жолу даярданып жатабыз. Маанайы, табити жакшы. Эң негизгиси ушул. Көчмөндөр оюндарында
жакшы жыйынтыктарды көрсөтөбүз деп
ойлойм. Биз аракет кылабыз.
Куаныш Шахамбаев, жылкы таптоочу:
- Лакап аты-Камыс кулак. Жашы эки жашта. Ал өзү
Франциядан алып келинген. Павлодардагы көчмөндөр оюнуна тандоо этабында 10 чакырымдан
баштап кунан байгеде биринчи келди. Азыр көчмөндөргө даярданып жатабыз.
Түбү бир түрк журту катыша турган, бүткүл аалам көз салып турган көчмөндөр
оюуну аяк оона айында Астанада өтөт. Ага 90го жакын мамлекеттен спортчулар
катышат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков