Казакстандын жаш хоккейчилери Канададагы эл аралык турнирде жеңишке жетишти

Казакстандын жаш хоккейчилери Канададагы эл аралык турнирде жеңишке жетишти

«Astana Team» балдар хоккей командасы Канадада өткөн өспүрүмдөр арасындагы эл аралык турнирдин жеңүүчүсү болду. Чечүүчү беттеште казакстандык спортчулар муз аянтынын ээлери – «Монреаль» командасын буллит сериясында утуп алышты. Жаш хоккейчилерди тарыхый жеңиши менен Президент Касым-Жомарт Токаев куттуктады. Мамлекет башчысы бул ийгилик ата мекендик спорттун тарыхындагы маанилүү окуя болгонун белгиледи. Куттуктоодо команда чеберчиликтин жогорку деңгээлин жана жеңишке болгон эркини көрсөтүп, эң оор финалдык беттеште хоккейдин негиздөөчүлөрү – канадалыктардан ашып түшкөнү баса белгиленет. Президент жаш хоккейчилерге өз күчүнө ишенүүнү, талыкпай машыгууну жана жаңы жаркын жеңиштерге жетүүнү каалады.

Которгон: Илгиз Жамалбеков