Быйыл Казакстанда китепканалар үчүн бирдиктүү санариптик платформа пилоттук режимде иштей баштайт. Биринчи кезекте ири китепканалардын базасында иштеп баштамакчы. Айталы, бүгүнкү күндө 11 миң китепкана маалыматтык системаларды жана каталогдорду колдонот. Автоматташтырылган бирдиктүү платформа өлкөнүн китеп фондусун бир аянтчага чогултууга мүмкүндүк берет. Анын аркасында китеп сүйүүчүлөр каалаган чыгарманы таап же анын санариптик версиясына интернеттен таап окуй алышат. Платформада китепкана фондун онлайн форматта толуктоого болот. Бул мүмкүнчүлүктү басмаканалар да колдоно алышат. Маселен, жаңы чыккан эмгектер электрондук аянтчада кошумча акы төлөгөн колдонуучуларга жеткиликтүү болот. Ошентип, жеке басмаканалардын жана авторлордун укуктарын коргоо пландалып жатат. Кошумчалай кетсек, быйыл Казакстандын бардык китепканаларына жол ачкан бирдиктүү электрондук билим берүү картасы ишке киргизилет. Ага электрондук өкмөт порталы аркылуу катталып, андан ары пайдаланууга болот.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков