Касым-Жомарт Токаев алты өлкөнүн - Египеттин, Сербиянын, Люксембургдун, Австралиянын, Колумбиянын, Сириянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчилеринин ишеним грамоталарын кабыл алды. Салтанаттуу иш-чара бүгүн Акордада өттү. Мамлекет башчысы дипломаттарды өлкөдөгү миссиясынын расмий башталышы менен куттуктап, Казакстандын тынчтык жана конструктивдүү тышкы саясатына көңүл бурду. Казакстан бардык мамлекеттер менен тыгыз кызматташтык орнотуп, жакшы мамиле түзүүгө кызыктар. Бул максатта бардык багыттар боюнча кызматташуу жүргүзүлөт, деп белгиледи Касым-Жомарт Токаев. Президент элчилерге ийгиликтерди каалап, аларга өз милдеттерин аткарууда Казакстан Өкмөтү тарабынан максималдуу колдоо көрсөтүлөрүн белгиледи. Ошондой эле, мамлекет башчысы алардын президенттерине жакшы каалоо-тилектерин жана саламын жолдоду.
Томас Райзен, Люксембургдун элчиси:
— Президент Касым-Жомарт Токаевге ишеним грамотасын тапшыруу аземине байланыштуу сиздердин өлкөдө, Казакстанда дагы бир жолу болгондугума абдан кубанычтамын. Менин дайындалышым биздин эки тараптуу кызматташуубуздагы маанилүү учурга туш келип жатат. Эки жыл мурун биз эки тараптуу дипломатиялык мамилебиздин 30 жылдыгын белгиледик. Элчи катары эки тараптуу кызматташтыгыбызды мындан ары тереңдетүү үчүн бардык күчүмдү жумшайм.
Эктор Исидро Асренас Нейра, Колумбия Республикасынын элчиси:
— Колумбия менен Казакстандын эл аралык саясатка байланыштуу көз караштары шайкеш келет. Биздин жалпы жана негизги максатыбыз – мамлекеттерибиздин өнүгүү жолунда талыкпай иштөө. Колумбия да Казакстан сыяктуу глобалдык жылуулук, энергетикалык ресурстар жана биологиялык өнүгүү сыяктуу тармактарда иштеп жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков