Дүйнөлүк жаңы каржы институту расмий түрдө өз ишин баштады

Дүйнөлүк жаңы каржы институту расмий түрдө өз ишин баштады

Түрк инвестфонду расмий түрдө өз ишин баштады. Экономикалык интеграция фининститутунун негиздөөчүлөрү Казакстан, Азербайжан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркия болду. Фонддун баштапкы капиталы 500 миллион долларды түзүп, башкы максаты - Түрк мамлекеттеринин ортосундагы экономикалык жана коммерциялык мамилелерди өнүктүрүү болуп саналат. Инвестфонддун алкагындагы кызматташтык Казакстанга социалдык маанилүү долбоорлорду ишке киргизүү үчүн гранттарды жана техникалык жардамдарды алууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле Түрк мамлекеттеринин уюмунун катышуучулары менен соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү чыңдоого өбөлгө түзөт. Фонд инфраструктураны өнүктүрүү, альтернативдик энергетика, агроөнөр жай комплекси, туризм, IT (ай ти)  жаатындагы долбоорлорду каржылоого ниеттенүүдө. Белгилей кетсек, түрк Финансы министрлигинин эсебинде, жыл аягына чейин Түрк мамлекеттеринин экономикасынын көлөмү дээрлик 2 триллион долларга жетет. Ал эми калкынын саны 178 миллион долларды түзөт.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков