Астанада санарип экономиканын тез өнүгүү мезгилинде аялдардын ишкердик мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү маселелери талкууланды. КЭР элчилигинде өткөн семинар Бээжин декларациясынын 30 жылдыгына арналды. Пикир алмашуу аянтчасында БУУнун туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү жана эки тараптуу кызматташтык алкагындагы аялдардын ролу тууралуу айтылды. Катышуучулар Казакстан менен Кытайда жалпы тенденция байкалат деп жатышат. Акыркы жылдары эки өлкөдө тең аялдардын экономикалык активдүүлүгү эселеп, ишкердик жана технологиялык секторлордогу үлүшү арткан. TechnoWomen башкармалыгынын төрагасы Азиза Шужееванын айтымында, казакстандык аялдар Кытайдын технологиялык компаниялары жана ишкердик коомчулугу менен жигердүү байланыш орнотуп келишет. Казакстандык аялдар сунуштаган каржы технологиялык жана e-commerce долбоорлору КЭРда жана эл аралык платформаларда таанылган.
Азиза Шужеева, Technowomen коммерциялык эмес уюмунун башкарма төрайымы:
- Биз быйыл өз стартаптарыбыз менен бир нече «Maker in China» сынактарына катыштык. Мекендешибиз Аяулым Аяганова өзүнүн «Эдара» платформасын тааныштырып, «Black Horse» номинациясынын жеңүүчүсү аталды. Быйыл биз «Invest in Hong Kong» жетекчилиги менен биргелешкен жолугушууларды өткөрдүк. Биздин аялдар сунуштаган ар түрдүү стартаптарды тааныштырдык. «Invest in Hong Kong» жардамы менен биз өтө жогорку деңгээлдеги нетворкингге жетишип, ушул платформада өз стартаптарыбызды илгерилетебиз.
Хан Чуньлин, Кытай элинин Казакстандагы элчиси:
- 1995-жылы Бээжинде аялдардын иштери боюнча 4-дүйнөлүк конференция уюштурулуп, Бээжин декларациясы жана иш-аракеттер планы кабыл алынган. Бул документтер дүйнөдөгү гендердик теңчиликти камсыз кылуудагы негизги механизмдерге айланып келе жатат. Өткөн айда аялдардын укуктарына арналган кезектеги глобалдык саммит өттү. Азыркы учурда Бээжин декларациясын ишке ашыруу үчүн эл аралык өнөктөштүктү арттыруунун маанисин көрүп жатабыз, бул багытта биздин өлкөлөрүбүздүн өз ара байланышын арттырууга кызыкдарбыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

