Казакстан президенти Коргоо министринин докладын укту

Казакстан президенти Коргоо министринин докладын укту

Касым-Жомарт Токаев коргоо министрин кабыл алды. Руслан Жаксылыков Президентке – Республиканын Куралдуу Күчтөрүнүн Жогорку Башкы колбашчысына мекеменин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди. Тактап айтканда, аскерлердин күжүрмөн даярдыгынын жыйынтыктары жана күзгү чакыруу өнөктүгү тууралуу. Аскерлерди даярдоонун жаңы ыкмаларына өзгөчө көңүл бурулду. Руслан Жаксылыков ошондой эле аскерлерге техниканын жана курал-жарактын жаңы түрлөрү келип түшкөнү тууралуу маалымат берди. Касым-Жомарт Токаев министрдин алдына ата мекендик коргонуу ишканалары менен өз ара аракеттенүүнү активдештирүү жана аймактык коргонууну өнүктүрүү боюнча милдеттерди койду. 

Казакстанда социалдык-эмгек чөйрөсүнүн өнүгүшү тууралуу К. Токаевге маалымдалды 

Ошондой эле, бүгүн Касым-Жомарт Токаев Казакстандын социалдык-эмгек чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча баяндамасын укту. Анын ичинде даректүү социалдык жардам, жаштарды иш менен камсыз кылуу, алдыңкы технологияларды ишке киргизүү. Ошентип, өлкөдө мамлекеттик инвестициялардын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн Инновациялык долбоордун навигатору иштелип чыкты. Бул система кадрларга болгон муктаждыкты болжолдойт жана долбоорлордун натыйжалуулугун көзөмөлдөйт. Алардын 755и, 33 триллион тенгеге азыртадан байкоо жүргүзүлүүдө. Анын алкагында 150 миңге чейин жумуш орундарын түзүү мерчемделүүдө. Министр Светлана Жакупова санариптик эмгек тобокелдик картасынын иши тууралуу айтып бердиБул эмгек чыр-чатактарын алдын алууга жардам берет. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков