К.Токаев «Казунайгаз» башкармалыгынын төрагасын кабыл алды

К.Токаев «Казунайгаз» башкармалыгынын төрагасын кабыл алды

Кытайдын CNOOC (СиЭнУоУоСи) корпорациясы биринчи жолу өлкөнүн геологиялык чалгындоосуна инвестиция салууда. Ошондой эле, Кытайдын дагы бир ири компаниясы Sinopec дагы Казакстанга ири инвестициялар менен кирүүдө. Бул тууралуу мамлекет башчысына «КазМунайГаздын» башкармалыгынын төрагасы Асхат Хасенов билдирди. Ошол эле учурда башка ири оюнчулар - трансулуттук Shell, Chevron, British Petroleum компаниялары Атырау, Актөбе жана Маңгыстау облустарындагы аймактарды активдүү изилдөөдө. Ушул жылы иштеп жаткан кендерди кошумча чалгындоо алкагында 7 скважина бургулоо пландаштырылууда, алардын 3ү аяктады. Мындан тышкары, мунайды Азербайжан, Германия жана Венгрия багыттары боюнча ташуунун кошумча маршруттарын өнүктүрүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Жалпысынан кара алтынды ташуу көлөмү 49 миллион тоннаны түздү. Касым-Жомарт Токаев геологиялык чалгындоо иштерин жана ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну улантууну тапшырды.

Которгон: Назира Бегалиева