«Улуу Талаа жүрүшү» байге-марафону Петропавлдан башталат

Быйыл жазында Казакстанда «Улуу Талаа жүрүшү» байге-марафону кайрадан башталат. Жарыштын катышуучулары сапарын бугу айынын 12де Түндүк Казакстан облусунан баштайт. Күлүктөргө старт берүү чекити Петропавл шаарындагы Абылай хандын резиденциясынын музей комплекси болот. Ал 17де Астанада өз маарасына жетет. Бурабай курорттук аймагынын, Ботай жана Бозок байыркы конуштарынын көрүнүктүү жерлерин басып өткөн марафон-байгенин жалпы аралыгы 500 чакырымды түзөт. Анда өлкөнүн бардык аймактарынан чогулган 20 команда жана 15тен кем эмес чет элдик команда күч сынашат. Чет элдиктердин ичинен Сауд Арабиясы, Түркия, Монголия менен Кыргызстан кызыгуучулук артып жатат. 

Бакытжан Nурлыбеков, «Joryq» ат спорту Федерациясынын жетекчиси:

— Биз көчмөн цивилизациясынын мураскерлерибиз. Биз ошол Ботай конушун мекендеген элдин урпагыбыз. Жылкы алгачкы жолу Казакстанда колго үйрөтүлгөнүнө сыймыктанышыбыз керек. Биз муну кийинки муунга жеткиришибиз керек. Бул жагынан алып караганда, «Улуу талаа жүрүшүнүн» орду өзгөчө деп эсептелет. 

«Улуу Талаа жүрүшү» — жылкылардын эң мыкты тукуму аныктала турган талаалык лаборотория. Быйыл казактын Адай жана Костанай жылкылары дүйнөгө атагы чыккан Камбар ата төлдөрү менен күчүн, чыдамкайлыгын сынап көрүүгө мүмкүнчүлүк алат. Белгилей кетсек, V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алдында өтө турган «Улуу Талаа жүрүшү» уникалдуу марафон-байгесинде алдыңкы үчтүккө кирген командалар аяк оона айына белгиленген иш-чаранын эл аралык турунун лицензиясына ээ болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков