Испания серепчилери Казакстандын жер астындагы сууларын чалгындоого катышат. Суу ресурстары жана ирригация министри жана чет элдик адистер иш планын талкуулашты. Эми тараптар быйыл Казакстандын батышындагы жер астындагы суулар жайгашкан жерлерди картага түшүрүү менен аэроэлектромагниттик тартуу жүргүзүүгө тийиш. Бул иштерге Испаниянын өкмөтү гранттарды бере алат. Азыр эки өлкөнүн серепчилери чалгындоо маселелерин иштеп чыгууда.
Нуржан Нуржигитов, Суу ресурстары жана ирригация министри:
- Соңку жыл ичинде биздин адистер сиздердин компания менен тыгыз жана жигердүү кызматташууда. Бул жолугушуулардын алкагында биз үч долбоорду сунуштадык. «Көкжиде» кен жайы боюнча макулдаштык. Жолугушуунун алкагында талкууланышы керек болгон башка долбоорлор да бар. Алар боюнча сүйлөшүүгө даярбыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

