Президент АКШ Сенаторун кабыл алды

Президент АКШ Сенаторун кабыл алды

Мамлекет башчысы америкалык сенатор Стив Дэйнсти кабыл алды. Касым-Жомарт Токаев Казакстан менен Американын ортосундагы кызматташтык салттуу түрдө жигердүү өнүгүп жатканына токтолуп, эки тараптуу мамилелерде парламенттик дипломатия маанилүү роль ойноорун белгиледи. Соода-экономикалык өз ара аракеттенүү тараптардын көңүл сыртында калган жок. Казакстандын президенти кызматташуунун негизги багыттары энергетика, пайдалуу кендерди чалгындоо жана кайра иштетүү, инфраструктураны жаңыртуу болуп саналарын айтты. Муну менен катар, эки тарап эл аралык жана аймактык коопсуздук тармагына да токтолду. Президент Казакстан дүйнөдө биринчилерден болуп Москвадагы террордук актты чечкиндүү айыптаганын белгиледи. Касым-Жомарт Токаевдин айтымында, ири эл аралык коалициянын алкагында бардык мамлекеттер терроризмге каршы күрөштө күч бириктирүүгө тийиш. Казакстан бул маанилүү ишке өз салымын кошууга даяр. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков