Дадебаев Момыш уулунун эстелигине гүлчамбар койду

Президенттик аппараттын жетекчиси Айбек Дадебаев Бауыржан Момыш уулунун эстелигине гүлчамбар койду. Казак элинин улуу баатыр уулу менен кошо согуш майданында курман болгон бардык казак жоокерлерине таазим кылынды. Белгилей кетсек, Бауыржан Момыш уулу генерал-майор Панфилов башкарган 316-аткычтар дивизиясынын курамында согушкан. Андан кийин ал өзү полк жана дивизияны башкарган. Көптөгөн сыйлыктардын ээси, 1990-жылы көзү өткөн соң Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков