Президенттин
Кыргызстан менен чек арадагы өткөрүү пункттарын модернизациялоо боюнча
тапшырмаларынын аткарылышын премьер-министр текшерди. Олжас Бектенов «Кордай» жана «Карасу» автомобиль өткөрүү
пункттарына барып, реконструкциянын жыйынтыктары жана андан ары өнүктүрүү
пландары менен таанышты. Мисалы, «Кордай» пунктунда көрүлгөн чаралардын аркасында
жүргүнчүлөрдүн агымын төрт эсеге, ал эми автотранспорттун өткөрүмдүүлүгүн
дээрлик үч эсеге көбөйтүүгө мүмкүн болду. Ишти тездетүү жана коопсуздукту
жогорулатуу үчүн заманбап технологиялар, анын ичинде жүктөрдү түшүрбөстөн
контактсыз сканерлөөгө мүмкүндүк берүүчү инспекциялык-кароо комплекси
киргизилген. «Карасу» пунктун модернизациялоо да башталды. Бул өткөрүү жөндөмдүүлүгүн
суткасына 700дөн 2 миңден ашык транспорт каражатына чейин көбөйтүүгө мүмкүндүк
берет. Премьер-министр реконструкция транспорттук-логистикалык тармакты жана
трансчегаралык кызматташтыкты өнүктүрүүдө негизги ролду ойной турганын баса
белгиледи. Бардык иштердин өз убагында жана сапаттуу аткарылышын камсыз кылууну
тапшырды.
Куат Кенжебаев, «Кордай» чек ара көзөмөл
бөлүмүнүн башчысынын орун басары:
- Бүгүнкү күндө
жүргүнчүлөрдүн агымын көбөйтүү максатында транспорт каражаттары үчүн тилкелерди
4төн 8ге чейин, келүү жана кетүү залдарындагы паспорттук көзөмөл кабиналарын 20
жумушчу орундан 40 жумушчу орунга чейин көбөйттүк. Транспорт каражаттарын,
жүктөрдү жана товарларды натыйжалуу текшерүү максатында биз «Рапискан» маркасындагы
инспекциялык текшерүү комплексин колдонобуз. Ал товарларды түшүрбөстөн, рентген
нурлануусу аркылуу жеңил транспорт каражаттарын, жүктөрдү сканерлеп, аларды
өткөрүп жиберүүгө мүмкүндүк берет. Орточо эсеп менен бир транспорт каражатына
15тен 20 мүнөткө чейин убакыт кетет.
Которгон: Назира
Бегалиева

