К. Токаев Каржылык мониторинг агенттигинин төрагасын кабыл алды

К. Токаев Каржылык мониторинг агенттигинин төрагасын кабыл алды

Казакстандын Президенти Каржылык мониторинг агенттигинин төрагасын кабыл алды. Касым-Жомарт Токаев Агенттиктин ишмердүүлүгүнүн негизги жыйынтыктары жана алдыдагы мезгилге карата милдеттери жөнүндө отчетту укту. Жанат Элиманов билдиргендей, бюджеттик чыгымдарга мониторинг жүргүзүүнүн алкагында мал чарба тармагындагы 30 млрд теңге субсидияны натыйжасыз пайдалануу коркунучтары аныкталды. Мындан тышкары, 17 каржы пирамидасы жоюлуп, банктардын жана байланыш операторлорунун атынан массалык фишингдик SMS-билдирүүлөрдү жөнөткөн топтун ишмердүүлүгү ачыкка чыгарылды. 4 миңге жакын алдамчылык сайт жана 3 көмүскө криптоалмаштыруучу жай жабылды. Жолугушуунун жыйынтыгында мамлекет башчысы Агенттиктин ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков