Борбордук референдум комиссиясы жаңы Конституция боюнча республикалык референдумдун алдын ала жыйынтыктарын жарыялады. Добуштарды эсептөө Казакстандын бардык аймактарындагы жана чет өлкөлөрдөгү участкаларда аяктады. Добуш берүүгө жарандардын 73% ашыгы катышты - бул 9 миллион 127 миңден ашык адам. Добуш бергендердин ичинен 87% ашыгы өлкөнүн жаңы Баш мыйзамын кабыл алууну колдоду.
Нурлан Абдыров, Борбордук референдум комиссиясынын төрагасы:
– Республикалык референдум жөнүндө мыйзамдардын ченемдерине ылайык, референдумга катышууга укугу бар жарандардын жарымынан көбү добуш берүүгө катышса, референдум өттү деп эсептелет. Республикалык референдумга коюлган маселе боюнча чечим, тагыраак айтканда, жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча чечим, эгерде ага добуш берүүгө катышкан жарандардын жарымынан көбү, облустардын, республикалык маанидеги шаарлардын жана борбордун үчтөн экисинен кем эмеси добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

