Улуу Британияда коронавируска каршы акыркы чектөө чаралары алынып салынат. Ошентип, бирдин айынын 24нөн тарта өлкөдө коронавирус менен ооругандарды жана алар менен байланышта болгондорду милдеттүү обочолонтуу чаралары жокко чыгарылат. Ошондой эле, чын куран айынын 1де жарандарды массалык түрдө тестирлөө аяктайт. Калктын белгилүү бир бөлүгү гана акысыз ПЧР-анализи менен камсыздандырылат. Бейтаптарды көзөмөлдөө кызматы да ишин токтотот. Эске салсак, үчтүн айынын аягында Улуу Британия беткап тагынуу, обочолонтуу, үйдө иштөө, ошондой эле, эмдөө сертификаты боюнча талаптарды алып салган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков