Казакстандын павильону Израилдеги туристтик көргөзмөгө келүүчүлөрдүн көнүлүн бурду

Казакстандын павильону Израилдеги туристтик көргөзмөгө келүүчүлөрдүн көнүлүн бурду

Казакстан Израилде өткөн абройлуу эл аралык Жер Ортолук деңиз туризм көргөзмөсүнө катышты. Бул Жакынкы Чыгыштагы эң чоң жарманкелердин бири. Бул жерде 50ден ашык мамлекеттин туристтик уюмдары жана ишканалары өздөрүнүн экспозицияларын сунушташты. Көргөзмөнүн конокторунун айтымында, казактын кооз боз үйү, башка өлкөлөрдүн жогорку технологиялык стилде салынган павильондорунан өзгөчөлөнүп турду.

Сатыбалды Буршаков, Казакстандын Израилдеги элчиси:

- Улуттук стилде павильон жасап, маданиятыбызды тартуулайлы деп чечтик. Боз үй көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Келген конокторго улуттук тамак-аштарыбыз сунушталып, туристтик жерлерибиз тууралуу маалыматтар берилди.

Орли Спагнул, көргөзмөнүн уюштуруучусу:

- Бул жерде павильонду боз үй формасында жайгаштыруу идеясы мыкты болгон. Бир дагы өлкөдө мындай кызыгууну байкай элекпиз.

Туризм тармагынын өкүлдөрү үчүн бул профессионалдык аянтчада катышуучулар жаңы багыттарды гана билбестен, жемиштүү кызматташууга мүмкүнчүлүк алышты. Белгилей кетсек, Казакстан Израил үчүн келечеги кең туристтик өлкө. Бүгүнкү күндө эки өлкөнүн ортосунда түз аба каттамдарын ачуу жана визалык режимди жоюу маселеси чечилүүдө.

Орли Спагнул, көргөзмөнүн уюштуруучусу:

- Биз Казакстанды абдан келечектүү өлкө деп эсептейбиз. Бул жерде бизнес жана жеке туризм жагынан да көрө турган көп нерсе бар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков