АЭКБда банктардын корпоративдик кардарларынын кызыкчылыктары корголот. Серепчилер укуктар бузулган учурда, ишкерлер аларга даттануу менен кайрыла алышарын, муну менен катар, жашыруун call-борборлор аркылуу кайрыла алышарын эске салды. Айрыкча, бул чектөө чараларын киргизүү менен келип чыккан көйгөйлөргө байланышкан маселелерде. Пандемия учурундагы экономикалык саясат темасы үчүнчү күн катары менен Астана эл аралык каржы борборунда өткөн конференциянын алкагында талкууланды. Онлайн-жолугушуунун жүрүшүндө 25 мамлекеттин тармактык адистери алдыңкы технологиялар менен алмашып, тажрыйба топтошту. Иш-чарага Борбордук жана Чыгыш Европанын борбордук банктары жана жөнгө салуучу органдарынын жетекчилери, ошондой эле, Эл аралык Валюта Фондунун, Базель комитетинин жана башка адистештирилген уюмдардын өкүлдөрү катышууда. Баяндамачылар санариптештирүүнүн пайда болушу менен банктардын ишин көзөмөлдөө темасы дагы актуалдуу болуп жаткандыгын белгилешти.
Мухтар Бубеев, АЭКБнын каржылык кызматтарды жөнгө салуу боюнча комитетинин башкы мүдүрү:
- Акыркы көйгөйлөрдүн көпчүлүгү пандемиядан улам пайда болду. Ал экономиканын калыптуу иштешине жана өлкөдөгү бир катар компаниялардын ишинин натыйжалуулугуна терс таасирин тийгизди. Ошoндуктан, алар банктын жардамына муктаж болушат. Каржы институттар мамлекеттик колдоо механизмдеринин бир бөлүгү деп айтууга болот. Буга кошумча, санариптештирүү саясаты бардыгын түп-тамырынан бери өзгөрттү. Кардардын банкка келиши жана керектүү кызмат көрсөтүүлөрдө өзгөртүүлөр киргизилди. Ошол эле учурда, кооптуулук күч алгандыгын белгилей кетүү керек. Мисалы, киберкоопсуздук. Көптөгөн шылуундар пайда болду. Алар оңой акча тапкысы келет. Банктар жана көзөмөл органдары көйгөйдү чечүүнүн жаңы жолдорун табышы керек.
Которгон: Илгиз Жамалбеков