Казакстан паспорт рейтингинде ордун жакшыртты

Казакстан паспорт рейтингинде ордун жакшыртты

Казакстандыктар 77 өлкөгө визасыз кире алышат. Республика дүйнөлүк паспорттордун рейтингинде позициясын жакшыртты. Ошентип, ата мекендик документ 68-орундан 2 тепкичке көтөрүлдү. Жакында Казакстан Жибути, Кытай, Индонезия жана Суринам менен визасыз катташуу боюнча келишим түздү. Индекс Эл аралык аба транспорту ассоциациясынын маалыматтарына негизделген. Дүйнөдөгү эң таасирдүү паспорттордун рейтингине келсек, Сингапур алдыда турат. Бул өлкөнүн жарандары дүйнөнүн 192 өлкөсүнө визасыз бара алышат. Экинчи орунду Германия, Италия жана Испания ээледи. Алардын тургундары 190 өлкөгө бара алышат. Үчүнчү орунду Австрия, Люксембург, Финляндия, Франция, Швеция, Түштүк Корея жана Жапония бөлүштү. Аталган мамлекеттердин паспорт ээлери 189 өлкөгө визасыз бара алышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков