Астанада Испаниядан келген сүрөтчүнүн көргөзмөсү ачылды

Астанада Испаниядан келген сүрөтчүнүн көргөзмөсү ачылды

Анын сүрөттөрүн борбор калаанын тургундары жана коноктору көрө алышат. Казакстандын Улуттук музейинде чет элдик кылкалем чеберинин жеке көргөзмөсү ачылды. «Чындык же анык» деген экспозиция — «энкаустикалык» техникада тартылган сүрөттөрдүн бүтүндөй сериясы. Айта кетсек, чыгармалардын бул форматы ысытылган мом боектор менен жасалат, алар эритип, түз мааниде материалга күйүп кетет. Автор өзүнүн бардык эмгектеринде түнкү жарыктын шооласына кайрылат. Хосе Мария Кано эстрадалык группада болгон кезинде Жердин спутнигине «Айдын уулу» аттуу ыр-балладасын да арнаган. Кийинчерээк Кано Лондондо коюлган «Ай» операсын жараткан. Белгилей кетсек, сүрөтчү көптөгөн көргөзмөлөрдүн катышуучусу. Анын эмгектери Мадрид, Милан, Шанхай, Бээжин, Киев, Москва, Прага жана Варшавадагы музейлерге коюлган. Испания Королдугунун Казакстандагы элчилигинин катышуусунда уюштурулган көргөзмөнүн максаты - келгендерди испан маданияты менен тааныштыруу. Ага казакстандыктар жалган куран айынын 27не чейин кире алышат.

Хосе Мария Кано, сүрөтчү /Испания/

Мен бул көргөзмөнү мурда Алматыда өткөргөм, мага Казакстан абдан жагат. Заманбап өнүккөн мамлекет, элдери абдан меймандос келишет. Бул жакта мен өзүмдү үйүмдө жүргөндөй сезем. Мында абдан шайыр адамдар жашашат. Менимче, Казакстан Чыгыш менен Батыштын аралаш маданиятын билдирет. Менин көргөзмөм ай темасына арналган. Түнкү жарыктын мен үчүн жана менин ишим үчүн мааниси чоң.

Которгон: Илгиз Жамалбеков