Астанада «Биздин волонтерлер» фотокөргөзмөсү ачылды

Астанада «Биздин волонтерлер» фотокөргөзмөсү ачылды

«БИЗДИН ВОЛОНТЕРЛЕР» Борбор калаада ыктыярчылардын эмгегин жайылтууга арналган фотокөргөзмө ачылды. Анда өрт, суу ташкын, ошондой эле коронавирустун пандемиясынан улам жарыяланган карантин учурунда социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам бергендердин иштери чагылдырылган. Ыктыярчылар ардагерлерге жана карыларга дайыма жардам беришет. Белгилей кетсек, акыркы 3 жылда 10 миңге жакын жаштар кайрымдуулук иштерине тартылган. Көргөзмөнү шаардын каалаган коноктору жана жашоочулары бекер көрө алышат.

Алдияр Жумабай, ыктыярчы:

- Түндүк Казакстандан бир унаа ун келди. Биз мунун баарын түшүрө баштаганда фотограф бул кадрды тартып алды. “Биз биргебиз” деген сөздү өлкөнүн ар кайсы аймактарынан көп угабыз. Бул куру сөз эмес, бул чындык.

Которгон: Илгиз Жамалбеков