Тиешелүү документтин долбоору талкуулоо үчүн «Ачык НКА» порталында жарыяланды. Аны Экология министрлигинин токой чарба жана жаныбарлар дүйнөсү комитети иштеп чыккан. Документте «жаргак кулак», тыкыр тайган» сыяктуу тайгандын тегиз жүндүү түрлөрүнө уруксат берилгендиги айтылган. Деген менен башка параметрлери кемчилик катары каралбайт.
Казакстанда пародалуу тайган баккандар көбөйдү. Акмола облусунун мергенчилери бул иште ийгиликке жетишти. Маселен, Манарбек Ыскаковдун бала кездеги хоббиси бүгүнкү күндө жашоосунун негизги кесибине айланды. Анын казак пародалуу тайгандары бир нече турнирлерде жана сынактарда жеңишке жетишкен. Квалификациялуу селекционер казак тайган тукумун сактап, анын көбөйүшүнө колдоо көрсөтүү зарылдыгын жашырбайт. Бул үчүн атайын иттерди үйрөтүүчү жайларды, кинологиялык борборлорду ачуу керек. Тайган менен аңчылык өнөрү муундан муунга өтүп келе жаткан баалуулук. Учурда облуста мергенчиликтин сырларын үйрөнүп келе жаткан жаштар да аз эмес.
Айбек Ыскак, селекционер:
- Өзүбүз 2018-жылдан бери Көкшетау аймагында тайган жарыштарын уюштуруп келебиз. Биз бул мелдештин байге фондун өз чөнтөгүбүздөн же мелдешке кошулган тайгандардын салымы аркылуу берип жатабыз. Бизде учурда эң көп байге бар, англис аттарды коюп жатабыз. Казакстан боюнча мындай чоң байге ушул Көкшетауда болду.
Жергиликтүү бийликтин айтымында, бүгүнкү күндө турнирлерге жана мелдештерге катышкан кинологдорго колдоо көрсөтүлүп келет. Бирок, тайган менен аң-уулоонун улуттук спорттун түрү катары катталбаганы конкреттүү колдоого тоскоол болууда.
Куаныш Карауылов, облусттук спорт жана дене тарбия башкармасынын бөлүм башчысы:
- Негизинен тайгандарды даярдоо иши түздүк-талаада атайын программа жана багыт боюнча жүргүзүлөт. Жыйынтыгында 1, 2, 3-орундар ыйгарылат. Спорттун түрүн каттоо үчүн өлкөнүн кеминде 50 пайызында федерациялар болушу керек.
Которгон: Илгиз Жамалбеков