Казакстанда 5-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык кызуу
жүрүп жатат. Ошентип, Шымкентте ат спорту боюнча күн сайын машыгуулар өтүүдө.
Алардын арасында чабандес Балнур Садык да бар. Кыз куумай боюнча көптөгөн
медалдардын ээси Шап аттуу ишенимдүү аргымагы менен ар дайым өнөрүн көрсөтүп
келет. Ал саатына 60 кмге чейин ылдамдыгын жогорулата алат. Балнур менен Шап
жуп болуп мыкты ийгиликтерге жетишип, эл аралык сынактарда чыныгы шоу
көрсөтүүгө убада беришет. Кесиптештери өздөрүнүн чеберчилигине ишенгендиктен,
команда жеңишке жетет деп күтүп жатышканын айтышат.
Ал арада Павлодарда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ат чабыш боюнча алгачкы катышуучулары аныкталды. Тандоо этабында Казакстандын бардык облустарынан жүзгө жакын спортчу күч сынашты. Мелдеш кунан байге, топ байге, жорго жарыш жана аламан байге жаатында төрт түр боюнча өттү.
Алтай Бимен, «Байге»
федерациясынын аткаруучу мүдүрү:
- Аттардын даярдыгынын деңгээлине келсек, бул чемпионатка мыктылар катышууда. Буга кошумча бул тизмеде былтыркы чемпиондор да бар.
Алеке Доскуат уулу, Топ байгенин
жеңүүчүсү:
- Көчмөндөр оюндарынын тандоо
турунда жеңиш биз үчүн чоң кубаныч. Мангыстаудан келип, 3,5 миң чакырым жолду
басып, жети ат алып келип катыштык. Кунан-байгеде бешинчи орунду алсак, топ-байгеде
Гасыр атыбыз биринчи келди. Албетте, бул биз үчүн чоң жетишкендик жана
жоопкерчилик. Биз эми Көчмөндөр оюндарында татыктуу жыйынтык көрсөтүүнү көздөп
жатабыз.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков