Казакстандын президенти паралимпиадалык комитеттердин жетекчилери менен жолугушту

Казакстандын президенти паралимпиадалык комитеттердин жетекчилери менен жолугушту

Казакстандын президенти Эл аралык жана Азия паралимпиада комитеттеринин жетекчилери менен жолугушту. Касым-Жомарт Токаев алардын кыймылды өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, өлкөбүздүн бул спортту колдоого даяр экенин ырастады. Мамлекет башчысы ата мекендик паралимпиадачылардын дүйнөлүк аренада жетишкен ийгиликтери Казакстандын инклюзивдүү, туруктуу жана социалдык жактан жоопкерчиликтүү мамлекет катары оң имиджин калыптандырууга өбөлгө түзөрүн баса белгиледи. Эндрю Парсонс менен Маджид Рашед биздин паралимпиадачылардын ийгиликтерин белгилеп, алардын акыркы Париждеги Олимпиадада жетишкендиктерин баса белгилешти, анда өлкө тогуз медаль, анын ичинде биринчи эки алтын медалды жеңип алды. Тараптар мындан аркы кызматташуунун келечегин, мелдештерге катышууну жана билим берүү демилгелерин талкуулашты. Жолугушуунун соңунда Казакстандын президенти конокторду II даражадагы «Достук» ордени менен сыйлады.

Которгон: Назира Бегалиева