Казакстан улуттук курамасы Астанадагы көчмөндөр оюндарына арналган стадиондо көк бөрү боюнча алгачкы машыгууларын өткөрдү

Казакстан улуттук курамасы Астанадагы көчмөндөр оюндарына арналган стадиондо көк бөрү боюнча алгачкы машыгууларын өткөрдү

Казакстан курама командасынын көкпар жана көк бөрүнүн командалары борбор калаадагы «Казанат» ипподромунун талаасында машыгууга киришти. Белгилей кетсек, бул жерде V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт. Ар бир командада бул спорттун түрлөрү боюнча 12 оюнчу болот.

Курманбек Турганбек, Казакстандын көкпар боюнча улуттук курамасынын капитаны:

– Казакстан курама командасы 5-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярбыз. Биз Астанага өзүбүз менен бирге аттарыбыз да үйрөнсүн деп келдик. Бүгүн талаа менен таанышып, аттарыбызды да кум үстүндө машыктырып жатабыз. Талаанын сапаты, бардыгы керемет. Өзүбүзгө артылган жүк оор экенин билебиз. Мүмкүн болушунча аны актаганга аракет кылабыз.

Улан Байтөреев, Казакстандын көкпар боюнча улуттук курамасынын мүчөсү:

– Бүгүн көчмөндөр оюндарына биринчи жолу келип жатабыз. Оюн аянтчасынын баары кооз, жакшы жасалган. Стадион кооз. Аттар үчүн жер шарты ыңгайлуу. Сапаты жана даярдыгы жакшы. Үч айдан бери даярданып жатабыз.

Ат үстүндөгү чабандестердин таймашын көргүсү келгендер аяк оона айынын 9-12 күндөрү аралыгында Астанадагы ипподромдо боло турган мелдешти көрө алышат. Дал ушул күндөрү көкпар жана көк бөрү боюнча мелдештер болот. Эскерте кетсек, ачылыш аземине жана бардык мелдештерге билеттерди расмий оператордун сайтынан онлайн сатып алууга болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков