2026-жылы Италияда өтө турган XXV Кышкы Олимпиада оюндарына Казакстандан 35 спортчу аттанат. Бул тууралуу Туризм жана спорт министри билдирди. Дүйнөлүк таймашта Улуттук курама 10 спорт түрү боюнча өнөр көрсөтүүнү көздөп жатат. Атап айтканда, биатлон, коньки тебүү, көркөм муз тебүү, шорт-трек, тоо лыжасы, лыжа кошуу, лыжа жарышы, трамплинден секирүү, фристайл-могул жана фристайл-акробатикадан байге үчүн күрөшөт. Жалпысынан Миланда 58 медаль топтому үчүн таймашат. Казакстан быйылкы кышкы Олимпиадага даярдык үчүн 13 млрд теңгеден ашык каражат бөлгөн. Алар көркөм муз тебүү, коньки тебүү, лыжа жарышы, шорт-трек жана биатлон багыттары боюнча иштейт.
Ербол Мырзабосынов, Туризм жана спорт министри:
- Биз бүгүн спортчуларга бардык шарттарды түздүк. Тажрыйбасы бар адистер чакырылды. Азыр биздин курама команда лидер спортчулар менен бирге дүйнөнүн алдыңкы борборлорунда даярдыктан өтүп жатат. Медициналык, биологиялык жана психологиялык жактан да бардык шарттар түзүлгөн. Өткөн сезондун жыйынтыгы боюнча дүйнөлүк чемпионаттарда өз деңгээлин тастыктаган спортчуларыбыз бар.
Министр Казакстанда кышкы олимпиадалык спорттун 13 түрү системалуу түрдө өнүгүп жатканын белгиледи. Олимпиадалык резерв даярдоо жана тармактын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу максатында спорттук инфраструктураны кеңейтүү иштери улантылууда. Учурда өлкө аймагында кышкы спорт түрлөрү үчүн миңден ашык спорт объектиси иштейт. Бул спорттун массалык мүнөзүн арттырып, жаштардын спортко жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

