Финалдык беттеште ал 60 килограммга чейинки салмак
ченинде франциялык Лука Мхеидзе менен кез келди. Белгилей кетсек, Елдос Сметов
үчүн төрт жылда бир жолу өтүүчү бул мелдеш анын карьерасындагы үчүнчү чоң
беттеш болду. Дзюдочу Рио-де-Жанейродо күмүш, Токиодо коло байгеге ээ болгон.
Толук комплект үчүн ага бир гана «алтын» керек болчу жана ал Франциянын
борборуна дал ушул үчүн барган. Спортчуну анын үй-бүлөсү толугу менен колдоду.
Олимпиада жеңүүчүсү Елдос
Сметовдун ата-энеси:
- Бул биз үчүн чоң кубаныч! Ал
бул жөнүндө көптөн бери кыялданчу! Анда коло жана күмүш бар. Мына эми ал мынтип
алтын алды.
Казакстандын Франциядагы элчилигинде Олимпиада чемпиону сыйланды. Бул жерде республикалык команданын медиа борбору ачылды. Белгилей кетсек, Елдос Сметовду Олимпиададагы алтын медалы менен Касым-Жомарт Токаев куттуктаган. Мамлекет башчы спортчуга бүт өлкө суктанаарын белгиледи.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан
Республикасынын президенти:
- Дзюдочубуз Елдос Сметовду
Париждеги Олимпиада оюндарында алтын медаль жеңип алышы менен куттуктайм! Анын
чеберчилиги, кайраттуулугу аркасында Казакстандын желеги бийик желбиреди. Елдос
күчтүү атаандаштары менен күрөштө төрт жылдыктын негизги мелдештерин жеңип,
дүйнөнүн мыктысы аталды. Сизге бүт өлкө суктанат. Сиздин жеңишиңиз – биздин
бүткүл элибиздин жеңиши!
Олимпиада башталгандан бери казакстандык спортчулар эки
коло медалга ээ болушкан. Тактап айтканда, дзюдочу Гусман Кыргызбаев 66
килограмм салмакта коло медалга татыды. Ал эми пневматикалык мылтыктан ок атуу
боюнча аралаш командалык мелдеште Александра Ле менен Ислам Сатпаев алдыңкы
үчтүккө кирди.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков