Казакстанда улуттук рейтинг агенттигин түзүү көздөлүүдө.
Ал жылдын аягына чейин пайда болушу мүмкүн. Анын демилгечиси - Каржы
рыногун жөнгө салуу жана өнүктүрүү агенттиги. Мекемеден билдиришкендей, уюмдун
пайда болушу ыйгарылган рейтингдер үчүн жоопкерчиликти жогорулатууга, ошондой
эле, баалоонун сапатын жана бүтүндүгүн сактоого өбөлгө түзөт. Мындан
тышкары, ресурстарды бөлүштүрүүнүн эффективдүүлүгү жогорулап, капитал рыногу жигердүүрөөк өнүгөт. Фондулук
рынокко инвесторлордун агымы да көбөйүп, бизнес үчүн насыялык рейтинг кызматтары арзандап, жеткиликтүү
болот. Рейтинг моделдерин иштеп чыгуу үчүн Улуттук рейтинг агенттигинин капиталына
катышууга каржылык
институттарды жана чет өлкөлүк агенттиктерди тартуу сунушталууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков