Казакстан жасалма интеллект жаатында Борбор Азияда гана эмес, түрк дүйнөсүндө да лидерлик позициясын бекемдеп жатат. Бул тууралуу Тайвандан келген нейрон тармактары боюнча белгилүү серепчи Ли Кай-Фу билдирди. Ал биздин өлкөнүн санариптик технологияларды өнүктүрүүдөгү потенциалын жогору баалап, өлкөдө ийгиликтүү жана натыйжалуу иштер жүрүп жаткан негизги багыттарды белгиледи. Интеллектуалдык агенттерге өтүү, өзүнүн эсептөө кубаттуулуктарынын болушу, AlemLLM ачык модели жана башкалар.
Ли Кай-Фу, Жасалма интеллект чөйрөсүндөгү серепчи, ишкер:
- Бул Казакстанды Борбордук Азия аймагында жана түрк тилдүү жасалма интеллект жаатында лидер кылат. Ошондой эле кошуналарга бүткүл аймактын экономикасын алдыга жылдырган түрк моделинин келечегин курууга жардам бере алат.
Которгон: Назира Бегалиева

