Касым-Жомарт Токаев телефон аркылуу Акмола, Актөбе, Костанай жана Түндүк Казакстан облустарынын акимдеринин отчётун укту. Аталган облустардын акимдери мамлекет башчысына жергиликтүү аймактардагы абал, ошондой эле, табигый кырсыктарга каршы күрөшүү жана суу ташкынынын кесепеттерин жоюу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди. Жалпысынан кырдаал көзөмөлдө, жаратылыш кырсыгы менен күрөшүү үчүн күч жана каражат жетиштүү.
Ошондой эле, Касым-Жомарт Токаев облустун жана шаар акимдерине көчөлөрдү тазалоо, калктуу конуштарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу акциясын баштоону тапшырды. Муну менен катар, жолду иретке келтирүү тапшырмасы берилди. Касым-Жомарт Токаев мындай иштерге тургундарды жана ыктыярчыларды тартуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Которгон: Илгиз Жамалбеков