Борбор калаада Улуу Ата Мекендик согушка арналган «Эрдикке таазим» аттуу китептин бет ачары болду. Чыгарма казакстандык жоокерлердин жана тылдагы эмгекчилердин Жеңишке кошкон салымы тууралуу баяндайт. Басылмада буга чейин эч жерде жарыяланбаган документтер жана уникалдуу сүрөттөр да камтылган. Жаңы эмгекте аймактык архивдерден жана китепканалардан маалыматтар, президенттин архивинин фонддорунан тышкары материалдар топтолгон. Материалдар Өзбекстан менен Орусиянын архивдеринен да алынды. Жалпысынан 30дан ашык гезит үзүндүлөрү, 170тен ашык фото сүрөттөр жана 130 тарыхый документтер камтылды.
Евгения Чиликова, Президент архивинин ага илимий кызматкери:
- Биринчи бөлүктө Казакстандын согушка катышкан аскердик түзүлүштөрү тууралуу баяндалат. Экинчи бөлүгү «Казакстан-майдан арсеналы» деп аталат. Үчүнчү бөлүгү карапайым элдин, тылдын ардагерлеринин Жеңишке кошкон салымына арналды. Казакстандын талааларында эч кандай согуш болгон эмес, болгону өлкөнүн чыгышында атайын операциялар болгону белгилүү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

