Казакстан менен Өзбекстан стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөдө

Казакстан менен Өзбекстан стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөдө

Касым-Жомарт Токаев Өзбекстанга жумушчу сапары менен барды. Бухара аэропортунда жогорку даражалуу конокту Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өзү тосуп алды.

Эки лидердин бейформал жолугушуусунун алкагында Касым-Жомарт Токаев Өзбекстан Казакстандын ишенимдүү стратегиялык өнөктөшү экенин баса белгиледи.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

– Биздин өлкөлөрдүн ортосунда эч кандай карама-каршылыктар же пикир келишпестиктер жок. Кол коюлган келишимдер жана макулдашуулар ырааттуу ишке ашырылууда. Казакстандын өкмөтү өз ара милдеттенмелерди сөзсүз аткаруу зарылдыгын так түшүнөт. Тиешелүү иштер менин көзөмөлүмдө жүргүзүлүүдө.

Казакстандын президенти Казакстан менен Өзбекстандын стратегиялык өнөктөштүгүнүн жана союздаштыгынын негизин тарыхый жактан калыптанган тыгыз байланыштар түзөрүн белгиледи. Мамлекет башчысы Өзбекстандын ишенимдүү өнүгүүсүн, республикада ишке ашырылып жаткан ири масштабдуу инфраструктуралык жана социалдык долбоорлорду баса белгиледи. Казакстандын президенти казакстандык жаңы Конституциянын кабыл алынышына байланыштуу куттуктоолору үчүн өз кесиптешине ыраазычылык билдирди. Анын айтымында, Шавкат Мирзиёев чет элдик лидерлердин арасынан биринчи болуп Казакстанды бул тарыхый окуя менен куттуктады. Өз кезегинде Өзбекстандын лидери Касым-Жомарт Токаевдин реформаларынын натыйжалуулугун жана өлкөнүн экономикалык чөйрөдөгү, санариптештирүүдөгү жетишкендиктерин баса белгиледи. Шавкат Мирзиёев Бухарадагы жолугушуу өлкөлөр ортосундагы эле эмес, бүткүл аймактын кызматташтыгын кеңейтүү үчүн чоң мааниге ээ экенин билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар сейрек кездешүүчү металлдарды казып алуу жана кайра иштетүү, транзиттик-транспорттук, суу-энергетикалык тармактарда, ошондой эле IT-секторунда өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосунда соода-экономикалык өнөктөштүктү андан ары өнүктүрүү боюнча Жол картасын ишке ашыруу макулдашылды.

Казакстан менен Өзбекстандын мамлекет башчылары Бухарадагы кырдаалдык борбордун иши менен таанышып, жасалма интеллект боюнча хакатонго катышты. Мындан тышкары, президенттерге шаардын өнөр жай ишканаларынын иши көрсөтүлдү. Шавкат Мирзиёев Касым-Жомарт Токаевге сейрек кездешүүчү архивдик материалдарды тапшырды. Тактап айтканда, Өзбекстандан табылган баалуу тарыхый документтердин көчүрмөлөрү – Түркестандагы Кожа Ахмет Ясауи жана Рабия Султан Бегимдин күмбөздөрүнө тиешелүү 1920-50-жылдардагы чиймелер жана сүрөттөр болуп саналат. Мамлекет башчылары Бухаранын белгилүү архитектуралык эстеликтерин да көрүштү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков