Казакстанда
жумушчу адистиктер жылынын алкагында техникалык адистер үчүн жеңилдетилген
ипотекалык жана ижара турак жай программасы кеңейтилет. Премьер-министр
жеткиликтүү турак-жай маселеси боюнча кеңешмеде мындай зарылдык тууралуу айтып
өттү. Олжас Бектенов «бир терезе» принциби боюнча муктаж болгон жарандарды
турак-жай менен камсыз кылуу иштерин күчөтүүнү тапшырды. Кеңешмеде «Үй-бүлө банкын»
өнүктүрүү институтуна айландыруу боюнча ишти активдештирүүгө жана тармакты
мындан ары өнүктүрүү үчүн жеке каражаттарды тартууга карата мамилелер каралды.
Ошондой эле жеңилдетилген программаларды каржылоо, анын ичинде өнөр жай
ишканаларынын кызматкерлерин колдоо жана жаңы өнүмдөрдү чыгаруу боюнча сунуштар
талкууланды. Өнөр жай жана соода министрлигинин маалыматы боюнча, өткөн жылы
өлкөдө рекорддук 19 миллион чарчы метр турак-жай пайдаланууга берилген. Бул
2023-жылга салыштырмалуу 6,5% га көп. Ал эми 2029-жылга чейин бул көрсөткүчтү
111 миллион чарчы метрге жеткирүү көздөлүп жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

