Улуттук музейде күү атасы – Курмангазыга арналган чыгармачылык кечеси өттү

Улуттук музейде күү атасы – Курмангазыга арналган чыгармачылык кечеси өттү

Тарыхты жазып калтырган күү атасынын өмүрүнө жана чыгармачылыгына арналган кече өттү. Кылымда бир жаралчу инсандын 200 жылдык мааракесине карата уюштурулган иш-чарада борбор калаадагы №1 көркөм өнөр мектебинин окуучулары өз өнөрлөрүн тартуулашты. Жаш барабанчылар элдик композитордун «Адай», «Сарыарка», «Балбырауын», «Кишкентай» аттуу чыгармаларын аткарышты. Ошондой эле, Улуттук музей фондунда сакталган өлкөнүн белгилүү музыканттарынын колунан жаралган домбыралардын көргөзмөсү коомчулукка сунушталды.

Бибигүл Арыстамбекова, улуттук музейдин бөлүм адиси:

- Бул иш-чаранын негизги максаты – күү атасы катары таанымал Курмангазы Сагырбай уулунун өмүрүн жана чыгармачылыгын жайылтуу. Күү казак элинин асыл казынасы, бай мурасы экендиги белгилүү. Курмангазы өзүнүн күүлөрү аркылуу элдин эркиндиги үчүн күрөшкөн. Анын чыгармаларында эркиндикке, жакырларды коргоого байланышкан сезимдерди даана көрүүгө болот. Андыктан бул түбөлүктүү темадагы чыгармалардын тагдыры өчпөйт деп ишенем.

Которгон: Илгиз Жамалбеков