ANADOLU AJANSI – Президент телерадиокомплексинин жаңы медиа өнөктөшү

ANADOLU AJANSI – Президент телерадиокомплексинин жаңы медиа өнөктөшү

Казакстандын Президентинин телерадиокомплекси жана түрк мамлекеттик «Anadolu Ajansı» маалымат агенттиги өнөктөш болушту. Кызматташуу келишими Анкарада түзүлдү. Тараптар жаңылыктарды 4 тилде - казак, түрк, орус жана англис тилдеринде алмашууга макулдашышты. Аны өздөрүнүн платформаларында ылайыкташтырып жарыялай алышат. Тараптар ошондой эле кесиптик байланыштарды өнүктүрүүнү, журналисттерди такшалмадан өткөрүүнү жана окутууну көздөшүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков