Улуттук музейде корейлердин салттуу көркөм өнөрүнүн көргөзмөсү ачылды

Улуттук музейде корейлердин салттуу көркөм өнөрүнүн көргөзмөсү ачылды

Казакстанда биринчи жолу салттуу кореялык көркөм сүрөт көргөзмөсү ачылды. Улуттук музейде орун алган «Сумукхва монологу» аттуу экспозицияда корей кылкалем чеберлеринин улуттук материалдарда боёк менен тартылган сүрөттөрү коюлган. Жалпысынан, 28 чыгарма - аталган өлкөнүн ар кайсы аймактарынан жыйналган мыкты эмгектер. Жаратылыштын кооздугун чагылдырган чыгармаларда аалам жаратылышынын философиясы сыяктуу жалпы адамзатка тиешелүү темалар козголот. Бул жерде салттуу Чыгыш Азия стилинин заманбап өңүт менен шайкеш келген сүрөттөрүн көрүүгө болот.

Ли Херан, Корей маданий борборунун мүдүрү:

- Башында «Сумукхва» стили уникалдуу Корей материалдарда башка түстөрдү кошпой эле, кара боёк менен кылкалем аркылуу тартылган эле. Бул кагаз бетиндеги сызыктарга жана боштуктарга көңүл бурдурат. Ички руханий дүйнө жарык көлөкөлөрү жана кара боёк аркылуу көрүнөт. Кийинчерээк бул стиль жакшыртылып, азыр үчкө бөлүнөт. Экинчи түрү «Тамчехва» - кара боёк менен боёлгон, бирок башка түстөр менен да бир аз боёлгон. Ал эми «Чесекхва» ачык түстөр менен салынып, контурлары кара түс менен боёлгон. Башкача айтканда, түс боюнча чектөөлөр бар.

Айта кетсек, Казакстан эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына жана Корей элинин боштондук күнүнө карата ачылган көргөзмө тогуздун айынын ортосуна чейин уланат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков