Тарыхый айтыш.
Париждеги ЮНЕСКОнун баш кеңсесинде Казакстан менен Кыргызстандын сегиз акынынын
алгачкы эл аралык айтышы өттү. Айтылуу акын чеберлеринин айтышы бул жанрдын
адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргенинин 10
жылдыгына арналды. Казак-кыргыз номинациясы 2015-жылы бекитилген. Белгилей кетсек, Париждеги айтыш чет жердеги
мекендештерге байыркы акындык өнөргө күбө болуп, чыгаан акындардын өнөрүн өз
көзү менен көрүүгө мүмкүнчүлүк түздү. Мындан тышкары, уюштуруучулардын
айтымында, бул иш-чара боордош өлкөлөрдүн – Казакстан менен Кыргызстандын –
Европанын чок ортосунда руханий биримдигинин ачык-айкын көрүнүшү болуп калды.
Аскар Абдрахманов, Казакстандын
ЮНЕСКОДОгу туруктуу өкүлү:
- Мекендештерибиз, кандаштар, диаспора өкүлдөрү, ошондой эле кыргыздар Францияда, Европада жашагандар чогулуп, акындардын таймашына күбө болушту. Бул өнөрдөн баарыбыз сонун таасир, руханий ырахат алдык.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

