Астанада китепканачылардын эл аралык конгресси өтүүдө

Астанада китепканачылардын эл аралык конгресси өтүүдө

Астанада Бүткүл дүйнөлүк китепкана жана маалымат конгрессинин IFLA 2025 катышуучулары китепканалардын санариптик трансформациясын жана жасалма интеллект чөйрөсүнө киргизүүнү талкуулашууда. Иш-чарага дүйнөнүн 114 өлкөсүнөн 1700 делегат катышууда. Алар улуттук китепканалардын, илимий мекемелердин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү. Конгресстин алкагында санариптик китепканаларды өнүктүрүүгө, тармактагы «чоң маалыматтарды» пайдаланууга жана китепкана ишинин заманбап стандарттарына арналган 86 секция жана 15ке жакын кошумча иш-чаралар пландаштырылган. Белгилей кетсек, форумду өткөрүү укугун Казакстан Kazakh Tourism жана өлкөнүн Жогорку окуу жайларынын китепканалар ассоциациясы тарабынан биргелешип даярдалган өтүнмөнүн жыйынтыгында алган. Иш-чара Казакстандын ишкердик туризмдин борбору катары позициясын бекемдөөдө маанилүү кадам болуп, кошумча киреше алып келери күтүлүүдө.

Даниэль Сержан уулу, «Kazakh Tourism» улуттук компаниясынын төрагасынын милдетин аткаруучу:

- АКШдан келген 100 адам же Кореядан келген 60 адам - алар бул жакка 5 күн болуу үчүн гана эмес, өлкөнү көрүү үчүн жана башка узак учууларды жасашкан. Туризм жана ишкердик иш-чаралардын синергиясы - ар бир катышуучу өз эсебинен келет, ал бул жерде жашайт, бардык кызматтарды колдонот, ошондой эле өлкөнү кыдырып жүрөт. Орточо эсеп менен бул иш-чарадан гана болжол менен 2 миллион доллар түшөт.

Которгон: Назира Бегалиева