Казакстан менен Гарвард сейрек китептер менен кол жазмаларды санариптештирүү боюнча биргелешкен долбоор ишке киргизди

Казакстан менен Гарвард сейрек китептер менен кол жазмаларды санариптештирүү боюнча биргелешкен долбоор ишке киргизди

Эми казакстандык окумуштуулар Гарвард университетинде сакталган сейрек китептер менен кол жазмалардын жыйнагын санариптештире алышат. Китепкана ресурсу менен архивге жетүү мүмкүнчүлүгү тиешелүү меморандумдун алкагында жүзөгө ашырылат. Документ өлкөнүн илим жана жогорку билим берүү министрлиги менен Гарвард университетинин Дэвис атындагы Орусия жана Евразия изилдөө борборунун ортосунда түзүлдү.

Улар Мукажанов, «Илим ордосу» китепканасынын башкы мүдүрү:

- Байыркы жазмаларды Жаңы илимий жүгүртүүгө чыгаруу. Эл аралык илимий жүгүртүүгө чыгаруу. Ошондой эле бул долбоордун негизинде биздин илимий чөйрөдө жалпы кол жазмалардын электрондук базасын түзүү. Мындан тышкары, азыр сиздер билгендей, аларды санариптештирүү иштери жүрүп жатат.

Мындан тышкары, меморандум академиялык алмашууларды, анын ичинде стипендияларды жана илимий практикаларды уюштурууга мүмкүндүк берет. Анын алкагында Казакстандын тарыхын жана маданиятын терең изилдөөгө өбөлгө түзгөн илимий долбоорлор жана басылмаларды колдоо алышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков