Улуттук музейде өзбек сайма өнөрүнүн көргөзмөсү ачылды

Улуттук музейде өзбек сайма өнөрүнүн көргөзмөсү ачылды

«Мурастагы оймо-чиймелер: Өзбекстандын сайма жана тигүү салтына саякат». Улуттук музейде өзбек сайма өнөрүнүн эл аралык көргөзмөсү ачылды. Келүүчүлөрдүн назарына алтын жип менен саймаланган, XIX-XX кылымдарга таандык улуттук кийим, зергер буюмдары, салттуу бут кийимдердин жана аксессуарлардын уникалдуу моделдери коюлду. Бул көркөм чыгармалар кол менен жасалган шедеврлер гана эмес, Борбор Азиянын бай маданий мурасын да чагылдырат. Иш-чаранын өзү эки өлкөнүн ортосундагы маданий байланышты бекемдейт. Көргөзмө кулжа айынын бирине чейин уланат.

Бобур Саемов, Өзбекстандын Маданият жана искусствону өнүктүрүү фондунун маданий кызматташтык департаментинин мүдүрү:

- Бул көргөзмөдө Өзбекстандын беш ири музейинен 122 экспонат коюлган. Иш-чарага даярдык бир жылга созулду. Өзбекстан музейлеринин кураторлору менен бирге кызматташтык. Мындан тышкары, 30дан ашык музей экспонаттары көргөзмөнүн оригиналдуулугун жана уникалдуулугун баса белгилөө үчүн калыбына келтирилген.

Сайран Дүйсенов, Казакстан Республикасынын Улуттук музейинин мүдүрүнүн орун басары:

- Бул көргөзмө казакстандык көрүүчүлөрдү абдан кызыктырат деп ойлойм. Азырынча бизге түшүп жаткан маалыматтардан  канча күнгө созулат, кандай болот, эмне болот деп сурап жатышат. Ошондуктан, бул көргөзмөнүн ийгилиги мындан да чоң болот деп ишенебиз.

Которгон: Сезим Шейшеналиева