Улуттук музейде элдик аспаптардын уникалдуу көргөзмөсү ачылды

Улуттук музейде элдик аспаптардын уникалдуу көргөзмөсү ачылды

Домбра күнүн утурлай Улуттук музейде элдик аспаптардын уникалдуу көргөзмөсү ачылды. Домбрадан тартып, кобыз, шертер, жетиген, асатаяк сыяктуу жалпысынан 175 экспонат көрүүчүлөрдүн назарына коюлду. Баалуу экспозициялардын ичинде Амире Кашаубаевдин, Жаяу Мусанын, Күляш Байсеитованын жана башка казак элинин улуу инсандарынын аспаптары бар.

Кайрат Байбосынов, Казакстандын Эл артисти:

- Бир көргөндө жүрөккө жылуу сезим тартуулайт. Музейде мындай домбралардын көбү сакталып турат. Келип көрүп жатышат, баары таң калып, кызык бир дүйнө болуп жатат. Элге бул улуттук күнүбүз жагат.

Рашида Харипова, Казакстандын борбордук мамлекеттик музейинин мүдүрү:

- Казак элинин өзгөчө майрамдарынын бири – Улуттук домбра күнү. Ал эми бүгүн биз Мамлекеттик борбордук музейдин фондусундагы 277 экспонатыбыздын көргөзмөсүн биринчи жолу Нур-Султан шаарынын тургундарына жана конокторуна тартуулап жатабыз.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков