Казакстанда миллиарддаган теңгеге бааланган бир катар кендер
мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу өлкөнүн өкмөтү маалымдады.
Бүгүнкү күндө талаптарды бузган айрым жер казынасын пайдалануучулар менен
түзүлгөн келишимдер жана лицензиялар каралып жатат. Катуу пайдалуу кендер
боюнча 118 келишим жана 245 лицензия, ошондой эле көмүр суутек чийки заты
боюнча 27 келишим бузулду. Натыйжада алтын, көмүр, темир, көмүр суутек,
жез, боксит жана полиметалл кендери мамлекеттик фондго кайтарылды. Андан кийин
алар жаңы инвесторлорго берүү үчүн ачык аукционго коюлат. Бул тармакка кошумча
инвестициялардын агымын камсыз кылат. Быйыл өткөрүлгөн аукциондордун жыйынтыгы
боюнча казынага бир жарым миллиард теңге өлчөмүндө кол коюу бонусу төлөндү.
Ошол эле учурда көмүр суутек чийки затын чалгындоого жаңы инвестициялар 15
миллиард 700 миллион теңгеден ашканын белгилей кетүү керек.
Динара Алимова, Премьер-министрдин басма сөз катчысы:
Ошол эле учурда каржылык милдеттенмелерди бузган жер
казынасын пайдалануучуларга айып пул салуу иштери жүргүзүлүп жатат. Буга чейин
катуу пайдалуу кендер үчүн мамлекеттин пайдасына 1 миллиард теңге айып
өндүрүлгөн. Ошондой эле, көмүртектүү чийки зат тармагындагы 9 келишим боюнча 2
миллиард теңге карыз төлөндү. Өкмөттүн бул багыттагы иши уланат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков